Күндүн көзүн көрбөй калышы мүмкүн эле… Алеппонун будуң-чаң түшкөн көчөсүндө алаңдап чуркап баратып, кылайып чыгып келе жаткан күнгө көзү чагылышты. Колун күндөн калкалап тура калды. Талкаланган, ураган, жер менен жексен болгон имараттарга күн нуру жайыла тийип, тээ бозоргон талаага өтүп төгүлдү. Күн менен кошо шаардан чыккан топ жөө жалаңдап, боз чаптуу адырды беттеп түндүктү көздөй агылып жөнөдү. Узун боюн калың топтун арасына жашыра албай, бүкүрөйөт. Көздөгөнү эптеп Сириянын түндүгүнө жетүү. Калганы кудайдан. Өрткө ыргытылган ширеңкенин бир талындай болуп Элкуттун жаны көзүнө көрүнүп, кол тийсе тырс сынып кетчүдөй абалда. Чала уйкудан көзү кызарып, сакал-муруту өсүп, бөтөн экени, бүтүйгөн көзү, жалпак бети деле билинбей калды. Шаарга келип үч күндө көргөн азабынан эси эңги-деңги. Шаардан алыстаган сайын качып-бозуп бараткан топтун арасын уңулдаган ый, оор үшкүрүк аралады. Бозоргон талаанын эркин жели камгактарды туш келди учуруп, арттагы алааматтын илебин алып келүүдө. Аба ыш жыттана...