(Хрестоматиялык окуу китеп) Түзгөн Мар Байжиев Кыргыз элинин оозеки түрүндө жаралып, нечен кылымдардан бери жашап келе жаткан «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтик дастанынын белгилүү варианттарынын негизинде түзүлгөн хрестоматиялык окуу китеби. «Манас, Семетей, Сейтек дастаны». Түзгөн: М. Байжиев – Кыргыз эл жазуучусу, УКАнын академиги, БГУнун ардактуу профессору. – Б.: 2011. – 416 б. Редактору Э.Кылычев, БГУнун доценти. Сүрөтчүсү Б. Куренкеев. Рецензенттер: Кыдырбаева Р.З. – КРУАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору Абдыракунов Т. – филология илимдеринин кандидаты, БГУнун доценти Кыргызстан элдеринин маданий мурасын жана тилин сактоо боюнча Мар Байжиев түзгөн «Седеп» фондусу Билим берүү окуу жайлары үчүн кошумча окуу куралы катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругу менен бекитилген. "Манас" эпосу үчүн эркинен ажырап, курман болгон белгилүү агартуучулар Ишеналы Арабаев, Токчоро Жолдошев, Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов, Ташым Байж...