Сүт ак деп, сүттүн өңүн ажыратып, Тынымсыз сайрап бир куш безеленет. Калп айтып түбөлүктүү жубайына, Кайгысын ырга айлантып алган дешет. Сүт ак деп чын билгенин айтса дагы, Жубайы кайрылбастан кеткен экен. Чындыкка ишене албай соңку кийин, Белгисиз алыс жакка безген экен. Сүтактын муңун тыңшап аяп кетем, Сезимим ушунчалык жаралуубу? Күйүттөн кушка айланып учуп кеткен, Сүйүүсү жаш келиндин аялуубу?..
Сүт ак деп, сүттүн өңүн ажыратып,
Тынымсыз сайрап бир куш безеленет.
Калп айтып түбөлүктүү жубайына,
Кайгысын ырга айлантып алган дешет.
Сүт ак деп чын билгенин айтса дагы,
Жубайы кайрылбастан кеткен экен.
Чындыкка ишене албай соңку кийин,
Белгисиз алыс жакка безген экен.
Сүтактын муңун тыңшап аяп кетем,
Сезимим ушунчалык жаралуубу?
Күйүттөн кушка айланып учуп кеткен,
Сүйүүсү жаш келиндин аялуубу?..

Yorumlar
Yorum Gönder